• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 20.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарында Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэр Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Мэр кызматкерлердин мыйзамды жана коопсуздукту сактоого кошкон салымын белгиледи. Улуттук коопсуздук органдарынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери, кызматтын ардагерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ош шаарынын мэринин резервдик фондунан кызматкерлерге жана ардагерлерге материалдык колдоо иретинде 150 миң сом бөлүнүп берилди.

Улуттук коопсуздук тармагынын кызматкерлерин башка башкармалыктардын жана түзүмдөрдүн жетекчилери да куттукташты.

Пикир

Оставить комментарий