• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 05.05.18. /Кабар/. Ош шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 73 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярдык жүрүүдө,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сз кызматы.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү саат 8:30да Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгы «Өлбөс,өчпөс полк» менен башталат. Ленин көчөсүндө жайгашкан Келечек балдардын чыгармачылык борборунан тарта борбордук аянт аркылуу өчбөс отту көздөй согуш ардагерлердин, эки миңге чукул активистердин, жаштардын , шаардыктардын катышуусунда жөө жүрүш болот. Акциянын жүрүшүндө айрым көчөлөр убактылуу жабылат.

Өчбөс отко келген соң, Ош шаарынын жана Ош облусунун мамлекеттик бийилик жетекчилери ардагерлер менен биргеликте эстеликке гүл чамбар коюшат. Ошондой эле, аза күтүү минутасы жарыяланып, асманга ок атылат.

Жалпы согуш ардагерлери, бийлик өкүлдөрү борбордук аянттан орун алган соң, саат 10:00дө согуш ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүп, Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган, согуш темасын камтыган театрлаштырылган оюн-зоок, сетаклдар көрсөтүлөт.

Андан соң, согуш ардагерлери үчүн аскер бөлүктөрүнүн талаа ашканасы тарабынан даярдалган солдаттык сый тамак (каша) берилип, ыр-бий тартууланат.

Ал эми саат 12:00дөн тарта Сай-Бою көчөсүндө жайгашкан “Жайкы сахнада” (Подиум) майрамдык чоң программадагы концерт шаардыктарга, келген конокторго тартууланат.

Майрам күнү шаардыктар үчүн спорттук иш-чаралар уюштурулуп, баардык эс алуу жайларда элдик майрамдоо болот.

Ал эми учурда Ош шаарында Улуу Жеңиштин 73 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүүгө кызуу даярдык жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий