• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына арналган салтанатка 20 миңден ашуун адам күбө болду

Аймак 0

Ош, 09.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиштин 73 жылдык майрамы Ош шаарынын борбордук аянтында жогорку деңгээлде белгиленди. Майрамдык салтанатка биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев, ЖКнын депутаты Айнуру Алтыбаева, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик Согуштун ардагерлери, ооруктун каармандары, РФнын Ош шаарындагы башкы консулу, күч түзөмдөрүнүн кызматкерлери жана калаа тургундары катышты.

Алгач Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондор эскерилип, “Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл чамбарлар коюулду. Андан соң, майрамдык иш-чара согуштун ардагерлери УАЗ автоунаалары менен жоокерлердин коштоосунда бобордук аянтка кирип келишти.

Шаар мэри Айтмамат Кадырбаев Улуу Жеңишти алып келген ардагерлерге таазим этүү менен Ош шаарынын мэриясынын атынан куттуктап сөз сүйлөдү.

“ Жеңиш майрамы менен жалпыңыздарды куттуктап, Жеңиштин туусу жергебизде түбөлүк желбирей берсин демекчимин. Улуу Жеңиштин Туусу Рейхстагда желбирегенден бери 73 жыл өтсө да ошол кандуу жылдардын каары, азап-тозогу, орду толгус жоготуулары көз алдыбыздан кетбей, биз менен кошо жашап келет. Өз кезегинде биз, Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын урпактары, улуу көчтүн жолун ишенимдүү улантып, өлкөбүздүн келечеги, элибиздин бакубат турмушу үчүн талыкпай эмгектенүү менен заманыбыздын татыктуу уул-кыздарынан болууга милдеттүүбүз. Алардын баскан жолу, түбөлүктүүлүктүн үрөнүн сепкен өрнөктүү өмүрү эч качан унутулбайт. Улуу Ата Мекендик согушта баатырларча курман болгондорго, ооруктун каармандарына жана ардагерлерине түбөлүк таазим жана даңк!”,-деди А.Кадырбаев.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө согуш ардагерлерине сый урмат көрсөтүлүп, шаардык маданият башкармалыгынын кызматкерлери, С.Ибраимов, Бабур атындагы драма театрларынын, "Келечек" балдар борборунун, жогорку жана орто окуу жайлардын өздүк көркөм чыгармачылык жааматтары тарабынан театрлаштырылган концерттик программа тартууланды.

Ошондой эле, “Сүйүү” сейил бакгында «Аскердик талаа ашканасы» аталган жоокер-ардагерлер үчүн деп, согуштун ардагерлерине, ооруктун каармандарына сый-тамак тартууланып, бийлик өкүлдөрү ардагерлер менен баарлашты.

Айта кетсек, Улуу Ата Мекендик согушка Ош шаарынан 14 621 адам чакырылган. Анын ичинен 3118 жоокер курман болуп, 401 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө Ош шаарында согуштан аман кайткан Улуу Ата Мекендик согуштун 15 катышуучусу, 23 ооруктун каармандары Эли-Журту менен бирге Жеңиштин 73 жылдыгын майрамдап жатышат.

Пикир

Оставить комментарий