• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, 19 жаштагы кыз каза болду

Аймак 0

Бишкек, 27.12.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Ошто унаа Ак-Буура дарыясына түшүп кетип, 19 жаштагы кыз каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун болжол менен саат 23:30 чамасында BMW-525 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Тилек Баатыр көчөсү аркылуу бара жатып, унаанын башкара албай Ак-Буура дарыясына кулаган.

Жол кырсыгынын натыйжасында окуя болгон жерде 19 жаштагы жүргүнчү кыз каза болгон. Айдоочу жана үч жүргүнчү жаракат алып, Ош шаардык ооруканасына жеткирилген.

Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий