• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто унаа сууга түшүп кетип, айдоочу каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 06.06.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда “Дэу Матиз” үлгүсүндөгү унаа каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 5-июнда болжол менен саат 19:30 чамасында Нариман айылында болгон.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барышкан. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1958-жылкы Алибеков А.К., аттуу жаран жеринде каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий