• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто унааны документи жок айдаган милиционерлер жазага тартылат. Текшерүү башталды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Ошто милиция кызматкерлеринин автоунаалары, ага таандык документтери текшериле баштады.

Ош шаардык милициясынан кабарлашкандай, Ош ИИБнин башчысы Мурат Бороновдун буйругу менен башкармалыкта иштеген ар бир кызматкердин кызматтык, жеке жана менчик автоунаасы тыкыр текшерилет. Эгерде алардын тиешелүү документтери жок болуп, мыйзам талаптарын бузуу менен айдап жүргѳн фактылар аныкталса, анда тиешелүү жазага тартылат.

Боронов аталган багытта өздүк курамга катуу эскертүү берген.

Автоиснпекция кызматы Ички иштер министрлигинин ички иликтѳѳ кызматы менен биргеликте бүгүн Оштогу милиция кызматкерлеринин автоунааларын текшерүүнү баштады.

Пикир

Оставить комментарий