• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто унаанын багажынан Калашников автоматы табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.07.22. /Кабар/. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 20-июлда Ош шаарында Toyota Corolla үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда унаанын багажынан Калашников автоматы сегиз огу менен табылган.

ИИМден билдиришкендей, мыйзамсыз сакталган курал Өзгөн районунун 41 жаштагы Х.А. аттуу тургунуна таандык экени аныкталган.

Аталган факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (“Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү”) менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган адам Бишкектеги убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий