• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто ур-токмоктон 18 жаштагы студент каза болду

Аймак 0

Бишкек, 05.12.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Ош мамлекеттик университетинин медициналык колледжинин 1-курсунун студенти 1999-жылы туулган бала ур-токмоктон каза болду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 1-курстун студенти мас абалында алкоголдук ичимдик ичип отурган башка студенттердин тобуна кирип барган.

“Чырдын кесепетинен студенттер маркумду бир нече жолу урушкан. Окуядан кийин ал курулуш болуп жаткан жакка кача баштаган. Балдар анын аркасынан кууп жетишкен. Маркум бийиктиги 3-4 метр болгон гараждан кулап, каза болгон”,-деп билдиришти ИИБден.

Тилекке каршы бала башы менен кулап, моюну кайрылып, каза болгон. Окуя 3-декабрда катталган.

Бүгүнкү күндө окуяга шектүү 6 бала кармалган. Алардын жашы 17ден 19га чейин.

Бул факты боюнча “Адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.

Пикир

Оставить комментарий