• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто уурулук менен алектенип жүргөн жаш жигиттердин тобу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милиция бөлүмүнүн №2 милиция бөлүмчөсүнүн аймактык тескөөчүлөрү уурулук менен алектенип жүргөн жаш жигиттердин тобун кармады. Алардын бирөө 1998-жылы туулган, экөө 2004-жылы туулган оштук жигиттер, - деп кабарлайт Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, аталган топ тарабынан декабрь-январь айлары аралыгында эле майда соода түйүндөрүнө жасаган уурулуктардын саны 15тен ашкан.

"Бүгүнкү күнү дагы арыз бергендер келип жатышат. Бул топ түнкү саат 03:05 чамаларында соода дүкөндөрүнүн эшик-терезелерин бузуп кирип, колго тийген баалуу буюмдарды уурдашкан. Оӊой оокатка көнгөн жигиттер кичи базардан мандарин, жүзүмдөн тартып, ири мобилдик компанияга караштуу дүкөнгө киришип, мобилдик телефондорду дагы уурдаганга үлгүрүшкөн", - деп айтылат маалыматта.

Жаш жигиттердин тобу уурулук жасап, качып бараткан учурда колго түшкөн. Балдардын унаасынан табылган ондогон таңгак чылым, бир нече мобилдик телефондор жабырлануучуларга таандык болуп чыккан.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы уурулук боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, кармалгандардын бирөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Калган экөөнүн жашын эске алуу менен тергөө кызматы үй камагына бошотту.

Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш уланууда.

Пикир

Оставить комментарий