• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто ветеринардык-санитардык жана мал чарбасындагы эпизоотикалык абал катуу көзөмөлгө алынат

Аймак 0

Бишкек, 31-март /Кабар/. Бул туурасында бүгүн, 31-март күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев мэриянын кеңейтилген аппараттык кеңешмесинде ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык тармакты тейлеген тийиштүү мекеме-ишканаларга тапшырма берип жатып билдирди. Ош шаарынын мэриясынын кеңейтилген аппараттык кеңешмесине вице-мэрлер, бардык мекеме ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын күн тартибинде төмөндөгү эки маселе каралды:

1. Ош шаарында ветеринардык-санитардык көзөмөлдү жана мал чарбасындагы эпизотикалык абалды жакшыртуу боюнча иш-аракеттер жөнүндө

2. Ош шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу боюнча шаар куруу жана архитектура, капиталдык курулуш, жолдор башкармалыгынын ишмердиги жөнүндө

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча вице-мэр Нурбек Кадыров маалымат берди.

“Ош шаарынын калкын коопсуз эт жана эт продукциялары менен камсыз кылуу, эпидемиологиялык-эпизоотиялык жагдайды жакшыртуу, малдан алынуучу продукцияларды өндүрүү жана сатуу процесстерин ветеринардык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарга шайкеш келтирүү, мал аркылуу жугуучу оорулардын эпизоотиялык тобокелдигин төмөндөтүү иш-аракеттер жүрүүдө.

Учурда Ош шаарынын статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылдын 1-январына карата 2016-жылга салыштырмалуу кара малдын саны 450 башка, майда жандык 2769 башка, жылкы 205 башка, чочко 12 башка, үй канаттуулары 6133 башка көбөйгөн.

2016-жылда Ош шаарынын мэриясынын макулдашуусу менен мал жандыктардын түрүнүн санына жараша эмдөө планы ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы тарабынан жалпы эмдөө 189 пайызга, диагностикалык изилдөө 197 пайызга, дегельминтизация жана дарылоо 3 эсеге көп аткарылган болсо, 2017-жылдын 2 айында мерчемделген жалпы эмдөө 2,3 эсеге, дарылоо 109 пайызга, диагностикалык изилдөө 10 эсеге аткарылды.

Учурда 7 мал союлуучу жайлардын иш-аракеттери жана эт сатылуучу дүкөнчөлөр такай ветеринардык-санитардык көзөмөлдө турушат. Мал союуучу жайларга санитардык абалды жөнгө салуу боюнча эскертүүлөр берилип жатат. Эт сатуучу дүкөнчөлөр заман талабына ылайыкташтырылган айнек витрина, муздаткычтарды орнотушту.

Мындан тышкары, 2017-жылдын 11- мартынан Ош шаарынын аймагындагы малдарды идентификациялоо иш-чарасын сапаттуу жана убагында бекитилген эрежеге ылайык так аткарылууда.

Ош шаарында 1505 баш саан уйлар жана кунаажындар идентификациядан өткөрүлдү. Жалпысынан 3 миң даана бирка бөлүнгөн.

Ал эми, шаарда сүт жана сүт азыктары 3 жерде сатылат, аларды ветинспекция тарабынан бөлүнгөн адистер текшерүүдөн өткөрүп турушат. Бирок ага карабастан лабораториялык текшерүүдөн өтпөгөн айылдан алынып келинген сүт, каймактардын үймө-үй кыдырып сатылып жаткандыгы орун алууда.

Учурда малдардын арасындагы жугуштуу ылаңдарга каршы эмдөө, дарылоо жана ветеринардык-санитардык иш-аракеттерди жүргүзүү улантылууда.”,-деп билдирди Н.Кадыров.

Жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев шаардагы ветеринардык жана фитосанитардык абал канатандыраарлык эмес экендигин билдирип, 1 айлык мөөнөт менен базарлардын, мал союуучу жайлардын, сүт жана эт азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык абалын жөнгө салып, көзөмөлдөн өткөрүү боюнча каттуу талап койду.

Пикир

Оставить комментарий