• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комплекстүү иш планы түзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 25.11.22. /Кабар/. Ош шаарында мэриянын алдындагы саламаттыкты сактоону башкаруу боюнча координациялык комиссиянын кезектеги жыйыны болуп өттү.

Иш-чаранын алкагында “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы, 2021-2022-жылдарга тиешелүү муниципалдык программалардын аткарылышы, келерки жылга пландар каралды. Ошондой эле Ош шаарында быйыл Кыргызстанда биринчи жолу ВИЧ-инфекциясын аныктоо боюнча акысыз экспресс-тесттерди берүү үчүн тесттик аппарат орнотула турганы маалым болду.

Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын, МАБдардын, тиешелүү мамлекеттик органдардын, жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди:

- ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, анын ичинде: жаштардын жана аялдар кеңешинин өкүлдөрүнүн, ошондой эле мигранттардын арасында.

- МАБдар Эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери менен биргеликте сырттан келген мигранттар, жумушсуз жарандар, эмгек биржасынын жалданма жумушчулары арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү.

- кийинки жылга ВИЧ/СПИДдин алдын алуу боюнча иштердин ведомстволор аралык комплекстүү планы түзүлсүн. Анын негизги максаты профилактикалык иштердин сапатын жогорулатуу, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүү болуп саналат.

- медициналык мекемелерде жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө ишканаларында ВИЧ/СПИД боюнча инфекциялык контролдоого мониторинг жүргүзүү.

Пикир

Оставить комментарий