• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болду

Аймак 0

Бишкек, 24.09.19. /Кабар/. Бүгүн, 24-сентябрда С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти Жамал Сейдакматованын 80 жылдык мааракесине карата өтүп жаткан VII ART-ORDO эл аралык театр фестивалынын ачылыш аземи болуп өттү.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев, президенттин кеңешчиси Султан Раев, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысынын орун басары Билал Чакыджы, ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Култегин катышты.

Ошондой эле, КР эл артисти Жамал Сейдакматова, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркия жана Кыргызстандын бардык театрларынын өкүлдөрү кызыл килемден өтүштү.

Иш-чаранын алкагында, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысынын орун басары Билал Чакыджы Жамал Сейдакматованы ТҮРКСОЙдун алтын медалы менен сыйлады.

Андан соң, Оштогу Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын жана “Келечек” балдар чыгармачыл борборунун чыгармачыл топтору концерттик программа тартуулашты.

Ага улай М.Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театрынын артисттери тарабынан катышуучуларга Ч.Айтматовдун “Жамийла” чыгармасы көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий