• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто вице-премьер менен мэр соода дүкөндөрүндөгү азык-түлүктүн жетиштүүлүгүн текшеришти

Аймак 0

Бишкек, 31.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 31-март күнү вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардагы чоң соода дүкөндөрүнө кыдырып, ал жерде сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн бааларын, алардын жетиштүүлүгүн текшеришкен. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Вице-премьер менен Ош шаарынын мэри "Фрунзе", "Глобус", "Народный" соода дүкөндөрүнө барышкан. Соода дүкөндөрүн кыдыруу учурунда алар сатып алуучулар менен баарлашкан.

Вице-премьер-министр А. Мадумаров посттордон азык-түлүк өткөрүүдө кыйынчылык болбой турганын белгилеп, эл азык-түлүк менен толук камсыздалып турарын айткан.

Шаар мэри аталган соода дүкөндөрүнүн жетекчилерине азык-түлүктөрдү буйрутма менен тургундардын үйлөрүнө жеткирип берүү кызматын уюштурууну сунуштаган.

"Шаарда жайгашкан соода маркеттериндеги азык-түлүктөрдүн жетиштүүлүгүнө жана баалардын туруктуулугуна анализ жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө маркеттерде жетиштүү азык-түлүктөрдүн запасы бар, баалары туруктуу жана кооптонууга негиз жок. Ошондой эле, дүкөндөргө товар алып келген фирмалар тоскоолдуксуз посттордон өткөрүлүүдө. Эң башкысы бардык азык-түлүк дүкөндөрү учурдагы абалга карабай өз иштерин улантып жатышат" - деди Сарыбашов.

Ош шаарында соода дүкөндөр коменданттык убакытка байланыштуу эртең менен саат 08:00дөн кечки 17:30га чейин иштеп жатат.

Пикир

Оставить комментарий