• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто волейбол боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 10.01.20. /Кабар/. Ош облусунда волейбол боюнча өспүрүмдөр арасында мелдеш болуп өттү. Бул тууралуу Волейбол федерациясынан билдиришти.

Мелдеш 8-январда Ош шаарынын балдар жана өспүрүмдөр арасында спорт мектебинде жыйынтыкталды.

Алтын медаль үчүн 19 команда күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында Ноокаттын балдар командасы биринчи орунду алса, кыздар арасында Баткен шаарынын командасы алтын медалды тагынды.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкекте машыктыруучу Владимир Анкудиновдун элесине арналган өспүрүмдөр арасында волейбол боюнча мелдеш болуп өткөн.

Пикир

Оставить комментарий