• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто “Ынтымак Медиамектебинин” бүтүрүүчүлөрүн сыйлашты

Маданият 0

Бишкек, 10-март /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта Ош шаардык мэриясында “Ынтымак Медиамектебинин” бүтүрүүчүлөрүнө сертификат тапшыруу салтанаты өттү. Иш-чара Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитети менен “Ынтымак” КРТКнын биргелешкен аракети аркылуу өттү. Бул тууралуу Ош мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Салтанаттын алкагында чогулгандар, мектептин бүтүрүүчүлөрү Ош шаарынын ЖОЖдорунун жана шаардык ар кыл медиа басылмаларда, телерадиостудияларда жана басма сөз каражаттарында кийинки ишке орношуу шарты менен тажрыйбадан өткөндүктөрүн белгилешти.

“15 адам медиамектепте 3 ай окушту. Алардын көпчүлүгү шаардык гезиттерде, анын ичинде “Ош шамында”, ОшМУнун “Үмүт” телестудиясында, “Ынтымак” КРТК жана башка ЖМКларда иштешет”, -деп белгилешти иш-чарада.

Иш-чарага «Ынтымак» КРТК башкы директору Данияр Садиев, Ош шаардык мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Мелис Обозов жана “Ынтымак Медиамектебинин” директору Асанбек Каракозуев катышты.

Пикир

Оставить комментарий