• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ошто ысырапкорчулукка бөгөт коюу үчүн түшүндүрүү иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 15.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-мартта, Ош шаарынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгында тургундар менен жолугушуу болуп, анда президенттин “КРда үй-бүлөлүк салтанатты жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, казыяттын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, "Сулайман-Тоо" МАБтын кызматкерлери, Кыргызстан элдер ассамблеясынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.

Жыйында өлкө башчынын Жарлыгын аткарууга алууга жарандар кызыктар болушу керектиги белгиленип, колдоого алынды. Жашоочулар ашыкча чыгымга каршы экендиктерин билдиришти.

Жыйынга 300гө жакын адам катышты. Алдыда мындай иш-чаралар Ош шаарындагы калган муниципалдык аймактык башкармалыктарда да өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий