• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто өз энесин бычак менен сайып өлтүргөн аял кармалды

Укук тартиби 0

Ош, 25.08.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ошто 61 жаштагы өз энесине кол салды делген шек менен 39 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ош ИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 23-августа ич ара араздашуудан улам кыз энесинин оң капталына бычак менен сайган. Жаракат алган аял, сыртка чуркап чыгып, жардам сураган жеринде эсин жоготуп кулап калган. Кан болуп жаткан аялды көргөн кошуналары милиция жана тез жардам кызматкерлерин чакырышкан. Дарыгерлер аны ооруканага жеткирген соң, өзүнө келбей көз жумган.

Окуя болгон жерге ыкчам кызматкерлери барып, иликтөө иштерин жүргүзүшкөн.

Аталган иш боюнча “Ден соолукка атайылап оор залака келтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Каза болгон аялдын кармалган кызы өз күнөөсүн мойнуна алган.

Өз көрсөтмөсүндө ал энеси аны ар дайым кемсинтип кол көтөрүүгө чейин барчуусун айткан.

“Ошол кезде да ал мени жолу жок, бактысыз жана эч кимге керегиң жок деп, кемсинте баштаганда кармана албай, бычак менен сайып салдым”,- деп айтылат шектүүнүн берген көрсөтмөсүндө.

Пикир

Оставить комментарий