• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто заманбап эт комбинаты ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.12.18. /Кабар/. Кечээ, 4-декабрда Ошто эт азыктарын кайра иштетүүчү “Келечек” АК эт комбинатынын ачылышы болду. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, акционердик коомдун жетекчиси жана кызматкерлери катышты.

Шаар жетекчиси аталган ишкана Ош шаарынын жана өлкөнүн өнөр жай тармагына жана экономикасынын өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.

“Ош шаарынын мэриясы чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө басым жасап, жумуш орундарын, ишканаларды ачууда жеке ишкерлерге ар дайым колдоого көрсөтүп келет. «Келечек» комбинаты эт азыктарын кайра иштетүү менен калкка сапаттуу тейлөө кызматын көрсөтүп, коңшу өлкөлөргө ветеринардык, санитардык стандарттарга жооп берген эт азыктарын экспорттойт”,-деди Т.Сарыбашов.

Комбинат эт азыктарын кайра иштетет жана тейлөө кызматын көрсөтөт. Күнүнө 200 баш ийри мүйүздүү малдар, 300 баш кой, эчкилер союлуп, бир жылдык көрсөтүлгөн тейлөөнүн көлөмү 35 млн 280 миң сомду түзөт.

Бүгүнкү күндө ишканага заманбап, жаңы жабдуулары менен мал, кой союлуучу 2 линия коюлуп, ичеги карындарды, баш шыйрактарды кайра иштетүү жана эт муздаткыч цехтери иштөөдө. Мындан сырткары, колбаса, эт консерваларын жана тери иштетүү цехтерин ишке киргизүү пландалган.

“Бул ишканада лаборотория иштеп элдерге керектөөчү, жөнөтүлүүчү эт азыктарына катуу көзөмөл жүргүзүлөт. Комбинат Евразия биримдигине кирген өлкөлөргө жана башка чет мемлекеттерге ветеринардык, санитардык стандарттарга жооп берген эт азыктарын жөнөтөт. Мындан сырткары, колбаса, тушенка чыгаруучу цехтерди кайра ишке киргизүү жактары каралууда. Ишканада 60 жумушчу орун бар”,-деди ишкананын жетекчиси Мадамин Эргешов.

Пикир

Оставить комментарий