• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто заманбап спорт комплексинин курулушу башталды

Аймак 0

Бишкек, 28.06.19. /Кабар/. Ош шаарынын Манас-Ата (ХБК) кичи районуна заманбап спорт комплекстин курулушу башталды, - деп кабарлайт Ош шаадык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, курулуштун капсула салуу аземине шаар мэри Таалайбек Сарыбашов, Ирандын Кыргызстандагы элчиси Али Моджтаба Рузбехани, Кыргызстандын Ирандагы элчиси Авазбек Абдуразаков, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы шаарда спорт тармагына көңүл бурулушу керектигин айтып, спорт комплекстин ачылышына чейин спорт сарайга келүүчү жолдор да асфальттала турганын билдирди.

Ал эми Ирандын элчиси Али Моджтаба Рузбехани эки өлкөнүн кызматташтыгынын себебинен спорт комплексти куруу колго алынганына токтолду.

Спорт комплекстин курулушу 2020-жылдын март айына бүтө тургандыгы айтылды. Волейбол, баскетбол оюндары өтүүчү залда 200дөй көрүүчүлөр үчүн да орундуктар курулат. Машыгуучу залдардан тышкары жуунучу жайлар, балдар ойноочу аянтча курулуп, айланасы жашылдандырылат.

Курулушка берилген жер тилкенин аянтты 5170 м2 түзөт.

Пикир

Оставить комментарий