• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто заводдо иштеп жаткан кишинин колу станокко кыпчылып калган

Кырсык 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы май чыгаруучу заводдо 57 жаштагы кишинин колун станокко кыпчылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 24-январда болжол менен саат 23:10до болгон.

Жерине ӨКМдин Ош шаардык Куткаруу кызматынан куткаруучу барып, кишинин колун станоктон чыгарышып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Жабырлануучунун абалы туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий