• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто өзгөчө абал киргенден бери 3 жаран жалган маалымат тараткандыгы үчүн кармалган - Нурдинов

Аймак 0

Бишкек, 27.04.20. /Кабар/. Ошто өзгөчө абал киргенден бери 3 жаран жалган маалымат тараткандыгы үчүн кармалган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, жаштардын ичинде элди дүрбөлөңгө сала турган маалыматтарды тараткан учур катталган жок. Алар түшүнүү менен мамиле кылууда.

"Ошто 25-марттан бери жалган маалыматтарды тараткан 3 жаранга административдик протокол түзүлгөн. Аларга эскертүү берилип, коё берилди", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий