• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто өзгөчө абал киргенден бери коменданттык саатты 404 жаран бузган

Аймак 0

Бишкек, 21.04.20. /Кабар/. Ош шаары, Кара-Суу жана Ноокат райондорунда өзгөчө абал киргенден бери коменданттык саатты 404 жаран бузган. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, 25-марттан бери 56 автоунаа токтотулуп, айып короого киргизилген. "Ошондой эле өзгөчө абалдын режимин бузган жана жасалма өткөрмө кагаздары менен жүргөн 50 факты катталган", - дейт ал.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда киргизилген өзгөчө абалдын режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле ал убакытка чейин өзгөчө абал тартиби Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий