• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто өзгөчө абал киргенден бери кылмыштуулук кескин түрдө төмөндөдү - Нурдинов

Аймак 0

Бишкек, 09.04.20. /Кабар/. Ошто өзгөчө абал киргенден бери кылмыштуулук кескин түрдө төмөндөдү. Бул тууралуу Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат районунун коменданты Малик Нурдинов билдирди.

Анын айтымында, 25-марттан бери Ош облусунун ар бир районунда жана Ош шаарында кылмыштуулук кескин түрдө төмөндөдү.

"Күнүнө 7-10 кылмыш катталып жатканы ички иштер органдары өздөрү жана сиздердин бизге берген маалыматыңыздардын жардамы менен текшерилип жатат", - дейт ал.

Нурдинов белгилегендей, учурда мүлк кылмыштуулугу жокко эсе. "Криминалдык милиция күзөттө туруп, көзөмөлдөп жатат. Тергөө органдары жана жорук органдары күзөткө чыкпай, ички иштер органдарында буга чейинки катталган кылмыштарды тергеп жатат", - деди комендант.

9-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 280ге жетти. Алардын ичинен 34 дарыгер илдетти жуктуруп алды. Коронавирустан 30 жаран айыкса, ооруну жугузуп алган 4 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий