• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто өзгөчө кырдаалды алдын алуу боюнча комиссиянын отуруму болду

Аймак 0

Бишкек, 23.03.18. /Кабар/. Бүгүн, 23-мартта Ош шаарында Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча комиссиянын отуруму болуп, өткөн жылы аткарылган жумуштар жана 2018-жылкы иш-пландар ортого салынды. Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев төрагалык кылып, ӨКМдин Ош шаарындагы башкармалыгынын өкүлдөрү, тийиштүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери, аймактык кеңештин төрага, төрайымдары катышты,-деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Вице-мэр Асылбек Топчубаев кырсык айттырып келбей тургандыгын айтып, авариялык абалда турган турак жайлардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен алдын алуу иш аракеттерин күчөтүүгө киришүүгө комиссиянын мүчөлөрүнө кайрылды. Ошондой эле, арыктарды тазалап, сел коркунучун да жөнгө салууну тапшырды.

Белгилей кетсек, жалпысынан Ош шаары боюнча 158 объект коопту абалда, алардын 64тү көп кабаттуу үйлөр. Учурда Алмалык айылынан 25 үй-бүлөнү башка жакка көчүрүү иш аракеттери жүрүп жатат. Ошондой эле, Сулайман-Тоо аймактык кеңешинде жайгашкан Курманжан-Датка жана Ленин көчөлөрүндөгү көп кабаттуу үй кооптуу деп, бир нече жолу эскертүүлөр берилген. Аларды көчүрүп, инвесторлорду тартууга жашоочулардын жардамы керек экендигин комиссиянын мүчөлөрү билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө тийиштүү кызматтарга жана аймактык кеңештерге маалыматтар берилип, жеринде иликтөө иштерин жүргүзүү боюнча тапшырмалар жүктөлдү.

Пикир

Оставить комментарий