• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү орнотуу иштери башталды

Аймак 0

Бишкек, 28.09.22. /Кабар/. ДЭП-21 ишканасы Ош шаарындагы өздөрү тейлеген көчөлөргө жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү орнотуу иштерин баштады.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, буга чейин бул иштер Мамыров, Касымбеков, Г.Айтиев, Б.Осмонов көчөлөрүндө, Төлөйкөн кичи районунда жүргүзүлгөн.

Жакынкы арада Касымалиев көчөсүнө, Юго-Восток кичи районунун Ташкент көчөсүнөн Озгур айылына, Ак-Тилек кичи районуна, ДЭУ, Жапалак айылына чейин орнотуу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий