• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Ош облусунун аймагында жүргүнчүлөрдү ташуучу айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-9-июнь күндөрү "Акыркы коңгуроо" жана аттестат берүү аземдерине байланыштуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ош ОИИБ боюнча ЖКККБ Техникалык көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери тарабынан мектептердеги салтанатка байланыштуу жүргүнчү ташуу менен алектенген мекеме-ишканалардын жетекчиликтери жана кичи автобус айдоочулары арасында окуучуларды автоколоннасы менен жаратылышка чыгууга жол бербөө максатында алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, көрсөтмөлөр берилди.

Андан сырткары, жетекчилигине талаптарды так аткарышы боюнча эскертүү берилди.

Эгерде коюлган талаптар аткарылбаса КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 199-беренесинин 1-бөлүмү боюнча 5500 сом, 2-бөлүмү боюнча 1000 сом айып пул салынат.

Пикир

Оставить комментарий