• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ошто жүргүнчүлөрдү ташыган маршрутка көпүрөгө түшүп кетти, 6 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.18. /Кабар/. Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус көпүрөгө түшүп кетип, алты адам жабыркады. Бул тууралуу Ош шаардык ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алты адам учурда ооруканада, алардын бирөө реанимация бөлүмүндө.

Айдоочунун айтымында, ал рулду башкара албай калып, Honda Fit автоунаасы менен кагылышып, андан соң маршрутка капталы менен көпүрөгө түшүп кеткен.

Жол кырсыгы бүгүн болжол менен түшкү саат 12:00дөр чамасында болгон.

Пикир

Оставить комментарий