• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорго чыгып алган ар кандай курулуштар бузулууда

Аймак 0

Бишкек, 26.04.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен 23-апрелден баштап Ош шаарынын аймагындагы жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жолдорго (тротуарларга) чыгып алган ар кандай курулуштар бузулууда.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, анын негизинде Ленин көчөсүнүн С.Бахапова көчөсүнөн Нурматов көчөсүнө чейинки аралыгынын чыгыш тарабындагы жөө адамдар жүрүүчү жолдорду (тротуарларды) калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.

Жалпылап айтканда бардык тийиштүү мекеме ишканалардын кыматкерлеринин катышуусунда атайын рейддер 3 күндөн бери уюштурулууда. Мыйзамсыз курулуштарды алып салуу бөлүмү тарабынан өзүнүн аймагынан ашыкча ээлеп алган 21 турак жайлар аныкталып темирден болгон тосмолор кесилип алынып салында. Мындай иш аракеттер шаардын бардык аймактырында уланмакчы.

Пикир

Оставить комментарий