• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто асма көпүрөлөр жана жер астынан өтмөктөр курулат

Аймак 0

Бишкек, 06.12.18 /Кабар/. Ош шаарында жөө жүргүнчүлөр үчүн асма көпүрөлөр жана жер астынан өтмөктөр курулат. Бул тууралуу шаардын мэри Таалайбек Сарыбашов Оштун 2018-2020-жылдарга чейин кыска убакытта өнүктүрүү планын коомдук талкууга алып чыккан учурда билдирди.

Сарыбашов маалыматы боюнча, асма көпүрөлөр менен жер астынан өткөн өтмөктөрдү куруу шаардагы автотыгын маселесин чечет. Андан сырткары А.Масалиев – А.Навои, А.Масалиев – Ы.Монуев, А.Масалиев – Абдыкадыров, Курманжан-Датка – Г.Айтиев көчөлөрүнүн кесилиштерине жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөрдү куруу пландаштырылып. Акча каражаты изделип жатат.

Ошто расмий 100 миңден ашык автоунаа катталган.

Пикир

Оставить комментарий