• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Ош шаарында жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБсы боюнча Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Ош шаардык ооруканасынын дарыгери 10-январда саат 14:10дор чамасында жол кырсыгынан улам денесинен жаракат алып кайрылган жаран тууралуу милицияга билдирген.

Аталган билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн натыйжасында 10-январь күнү болжол менен саат 13:15те Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө убактылуу жашаган 55 жаштагы Б.Т.ны Ленин көчөсү менен Аматов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн "БМВ" үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Ал жабырлануучу Б.Т.ны шаардык ооруканага алып барган бойдон дайынсыз болгон.

Айдоочу жана автоунаа издөө бөлүмү кызматкерлери тарабынан табылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий