• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жаңы аллея куруу үчүн мыйзамсыз объектилерди бузуу жана демонтаждоо иштери жанданды

Аймак 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Ош шаарында Салиев көчөсүн бойлой жаңы аллея куруу үчүн мыйзамсыз объектилерди бузуу жана демонтаждоо иштери жанданды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда аллеянын объектилерин курууга аянтты даярдоо жана таштандыларды тазалоо боюнча алгачкы иш-чаралар жүрүүдө.

Мэриянын билдирүүсүнө таянсак, аллеянын курулушун 2021-жылдын башында баштоо пландалууда.

"Ош шаарынын мэриясы жарандардан аткарылып жаткан ишке түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт. Анткени Салиев көчөсүнүн боюна пландаштырылып жаткан иштер шаар тургундарына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий