• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто жаңы аллея пайда болот – эскиз

Аймак 0

Бишкек, 10.01.19 /Кабар/. Ош шаарынын Кулатов кичи районунунда жаңы аллея курулат. Бул тууралуу шаардын мэриясы кабарлады.

Аллея курулуучу жердеги курулуштарды алып салуу иштери башталууда. Айрым кафелердин ээлери өз каалоолору менен аллея курулуучу жердеги курулуштарын буза башташты.

Аллеянын курулушуна каршы болуп жаткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Жаңы аллеянын долбоору учурда даяр. Ал Кулатов кичишаарчасынын аймагына курулат, бул жерде жергиликтүү шаар тургундары үчүн эс алуу борборлору жок.

Эс алуу жайы Б.Осмонов көчөсүндө курулуп, узундугу 850 метр, туурасы 15-18 метр болот.

Пикир

Оставить комментарий