• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто жаңы бала бакчанын курулушуна капсула салынды

Аймак 0

Бишкек, 06.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 6-ноябрь күнү Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Арек айылында жаңы балдар бакчасынын курулушу башталды.

120 орундуу балдар бакчасынын капсула салуу аземине Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы Таалайбек Сарыбашов бул жышаан балдардын келечегине кам көрүү иш аракети экендигин баса белгиледи.

“Шаардагы балдар бакчасынын жетишсиздиги байкалып турган мезгилде бул балдар бакчасы өсүп келе жаткан келечек муундарыбызга биздин белегибиз болмокчу. Курулушту ылдамдатып, сапаттуу курууга өзгөчө көңүл буруу менен бирге, тендерлерди ачык-айкын өткөрүү аркылуу шаар үчүн абдан зарыл болгон каражаттарды үнөмдөөгө да жетиштик. Мындай саамалык жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуп жатат” – деди Т.Сарыбашов.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бюджеттен каржыланып жаткан балдар бакчасынын тендердик баасы 22 млн 947 миң сом. Балдар бакчасынын курулуш иштерин “Кух и Лал” ЖЧКсы жүргүзөт, жалпы аянты 1299 чарчы метр. Ош шаарында быйылкы жылы жергиликтүү бюджеттин эсебинен салынып жаткан үч балдар бакчасынын курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.

Ал эми жакынкы күндөрү Ак-Тилек аймактык кеңешине да жаңы балдар бакчасынын курулуш иштери башталат.

Пикир

Оставить комментарий