• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто жаңы коомдук-профилактикалык борбор ачылды

Аймак 0

Ош, 27.03.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Ош шаарында №3 “Сулайман-Тоо” аймактык кеңешинде бүгүн коомдук-профилактикалык борбор (КПБ) ачылды. Бул жерде тургундар өз көйгөйлөрүн чечүү үчүн кайрыла алышат.

Аталган аймактык кеңештин төрагасы Мажит Эрбабаевдин айтымында, алар 25 миң калк менен иштешет, бардыгы болуп 7 кварталдык комитет бар.

“Негизинен биз калк менен иштешебиз, анын ичинде маалым кат беребиз, жада калса паспорт алуу да биз аркылуу өтөт. КПБ – бул бир гана аксакалдар кеңеши эмес, бул аялдар кеңеши дагы дайыма профилактикалык иштерди жүргүзүп турган – аймактык инспекторлор да”,-деп билдирди ал.

Эрбабаев билдиргендей, көп убакыт өздөрүнүн кеңсеси болгон эмес. “Акыркы кезде биз Ленин атындагы мектептин имаратындагы авариялык абалга кетпелген класста отурдук. Бир нече жыл ошол жакта отурдук”,-деп кошумчалады төрага.

Анын айтуусунда, КПБнун курулушу үчүн Ош шаардык мэриясы 623 млн сом бөлгөн. Андан тышкары жергиликтүү тургундардын арасында кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, анда 70 миң сом чогулган.

“КПБнун курулушу үчүн каражат бөлгөн бардык бей өкмөт уюмдарга ыраазычылык билдирем. БӨУ бардыгы болуп 1 млн 305 миң сом беришти”,-деди Эрбабаев.

Алардын бири дүйнөнүн дээрлик 20 өлкөсүндө иштеген эл аралык көз карандысыз Saferworld бей өкмөт уюму болуп саналат.

Аталган уюмдун менеджери Анара Исмаилованын айтымында, Кыргызстанда алар өз ишмердүүлүгүн өлкөнүн түштүгүндөгү 2010-жылдагы окуядан кийин башташкан.

“Биздин уюм узак мөөнөтүү тынчтыкты илгерилетүү жана ар бир адамдын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн иштейт. Аталган ишке долбоор да кирет, анын алкагында биз коомдук-профилактикалык борборлорду колдоо боюнча иш жүргүзөбүз. Долбоор “Милиция менен калк ортосундагы социалдык өнөктөш” деп аталат”,-деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө КПБнун курулушуна зор салым кошкондорго ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Салтанаттуу азем улуттук даам – сүмөлөктү даярдоо менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий