• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жаңы мыйзамдардын аткарылышы боюнча жыйын өттү

Аймак 0

Бишкек, 14.01.19. /Кабар/. Бүгүн,14-январда Ош шаарынын мэриясында укук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча жумушчу жыйыны өттү.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, жыйында жаңы кабыл алынган мыйзамдар каралып, ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри С. Турдуев, укук коргоо органдарынын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты. Ош ШИИБнин тергөө кызматтынын башчысынын орун басары Алмаз Балтабаев өзгөртүлгөн кодекстерге кеңири токтолуп, суроолорго жооп берди.

Биринчи вице-мэр С. Турдуев мэриянын алдында атайын комиссия түзүлгөнүн билдирди.

“Жаңы жылдан баштап жаңы мыйзамдардын иштей баштагандыгы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Биз коомчулукка туура маалыматтарды жеткирүүбүз зарыл. Аймактык кеңештерде, айрыкча жол кыймылынын коопсуздугу жана коомдук тартип чөйрөсүндөгү укуктук тартиптер боюнча окуулар уюштурулушу керек. Мыйзамдын баары тартипке, жарандардын укуктарынын корголушуна иштелип чыккан”,- деди биринчи вице-мэр.

Жыйындын акырында протоколдук тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий