• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто жаңы стандартка туура келген ККМди колдонуу боюнча семинар өттү — Салык кызматы

Коом 0

Бишкек, 23.06.21. /Кабар/.Мамлекеттик салык кызматы Ош шаарында ишкерлер үчүн 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы стандарттарга туура келген ККМди киргизүү маселеси боюнча окутуу семинарын өткөрдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Ош жана Жалал-Абад шаарларынын салык органдарынын кызматкерлери, ошондой эле, соода жана медициналык борборлордун, дарыканалардын, лабораториялардын, ири дүкөндөрдүн, коомдук тамактануу түйүндөрүнүн өкүлдөрү жана башка ишкердик иш жүргүзүүчү жана 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы техникалык талаптарга ылайык келген ККМге өтүүчү жана колдонуучу субъекттери катышты.

Салык кызматынын адистери эски үлгүдөгү ККМди каттоого тыюу салуу менен катар 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген техникалык талаптарга ылайык келген ККМди колдонуунун жаңы тартиби жана шарттары тууралуу маалымат беришип, ошондой эле, ККМ колдонуудан мурда бошотулган ишкерлердин кайсы категориясы аны 1-июлдан тартып милдеттүү түрдө колдоно тургандыгын түшүндүрүштү.

Андан соң иштеп чыгуучу жеке компаниялардын өкүлдөрү презентациянын жүрүшүндө программалык ККМ боюнча “Смарт касса” жана “О! Касса” программалык продуктыларын көрсөтүп, алардын артыкчылыктары тууралуу айтып беришти, ошондой эле тарифтер, иш эрежелери жана колдонуу тартиби менен тааныштырышты. “Смарт касса” жана “О! Касса” программалык продуктылары кадимки контролдук-кассалык машинанын толук функционалдары бар онлайн-тиркемени билдирет. Тиркемени интернет түйүнүнө кошулган каалаган электрондук түзүлүштөн (смартфон, планшет же жеке компьютер) пайдаланууга болот. Субъекттерге жеткиликтүү ККМди тандоо укугу берилет.

Пикир

Оставить комментарий