• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто жаңы урна жана контейнерлер орнотулууда

Аймак 0

Ош, 22-июнь /Ерлан Тургунбаев-Кабар/. Ош шаарынын көчөлөрүндө урна жана контейнерлер орнотулууда. “Ош–Тазалык” муниципалдык мекемесинин маалыматына ылайык, 918 урна жана 200 контейнер орнотулат. Белгилей кетсек, өткөн жылы муниципалдык мекеме тарабынан 500 урна орнотулган.

Муниципалитет мекемесинин кызматкерлеринин жыйынында, жамаат тарабынан, Ош шаарын өнүктүрүү боюнча программа иштелип чыгып, өз каражатынан урналарга, контейнерлерге, таштанды жыйноочу техникага жана мекеменин машина гаражын оңдоп түзөөгө 17 млн сом бөлүнөрүн белгилешти.

Мекеменин жетекчиси Талант Капаровдун билдирүүсүндө, ушул жылдын күз айына чейин, Ош шаарынын баардык көчөлөрүндө жаңы урналар орнотулат. “Шаардын жашоочуларынан тазалыкты талап кылуу үчүн биз жакшы шарттарды түзүшүбүз керек. Андан сырткары, 200 даана эски контейнердин ордуна жаңылары орнотулат. Аталган иштер жыйынтыкталган соң, Ош шаары мындан да таза болот деген үмүттөбүз”, -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий