• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Жаңы жылда коомдук транспорт түнкү 01.00 чейин иштейт

Аймак 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Ош шаарында 31-декабрдан 1-январга караган түнү коомдук транспорттор түнкү саат 01.00 чейин иштейт. Бул тууралуу шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев билдирди.

"Майрамдык иш-чараларга келген шаар тургундарын жана конокторун коомдук транспорттор менен жеткиликтүү камсыз кылуу максатында тиешелүү ишканалар буйрук чыгарышты", – деди Топчубаев.

Кичи автобустар менен троллейбустар шаардын бардык аймактарына элди ташыйт, – деп кошумчалады вице-мэр.

Эске салсак, Бишкекте Жаңы жылда коомдук транспорт түнкү 02.00 чейин иштейт.

Пикир

Оставить комментарий