• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто жаңы жылдык майрамга 15 миңге жакын адам күбө болду

Аймак 0

Бишкек, 01.01.19./Кабар/. Кечээ, 31-декабрда Ош шаарында жаңы жыл майрамы шаардын борбордук аянтында балдар үчүн даярдалган жомоктордон кыскача үзүндү, тамашоучулардын тамашалары, аяз ата, аяз кыздардын парады оюн-зоок, концеттик программа, аркан тартыш, кол күрөш, гир көтөрүү, кап менен секирүү жана эстафета сыяктуу спорттук жарыштар менен башталды. Майрам кече шаардык маданият башкармалыгы жана жаштар комитети тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт менен уланды.

Кечеге шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, мекеме ишканалардын жетекчилери, шаардын тургундары жана меймандары катышты. Шаар жетекчиси жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктап сөз сүйлөдү.

“Жалпыңыздарды кирип келген 2019- жаңы жылыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм! Ар бир элдин Жаңы жылды тосуу, эски жылды узатуу салты бар. Биз да жыл сайын ушул салтыбыздан жазбай эски жылдын жыйынтыгын чыгарып, келе жаткан Жаңы жылды илгери үмүттөр менен тосуп олтурабыз. Быйылкы жыл республикабыз үчүн жемиштүү жылдардан болду десем жаңылышпайм.

Жакында 3000 жылдан ашуун тарыхы бар Ош шаарыбыз "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыяланды! Бул биз үчүн чоң жетишкендик . Ош шаарынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү, инфраструктурасы жакшырып, заманбап турак үйлөр, социалдык объектер курулду. Алдыбызда шаарбызды өнүктүрүүнүн, элибиздин бакубат турмушун камсыздоонун,улуттар аралык ынтымак-ырашкерликти бекемдөөнүн айкын милдеттери турат.

Биз ал максаттарбыздын аткарылышына терең ишенебиз. Кадырлуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары! 2019-жыл аруу пейил, асыл үмүт, таза дил менен башталсын.

Максаттар ишке ашып, үмүттөр орундалсын! Элибизге береке, кут, бакыт, түгөнбөс дөөлөт алып келсин! Ар бир үйгө токчулук жана бакубатчылык каалайм! Куттуу элибизге ден соолук, биримдик, кутман жерибизге тынчтык тилейм! Ордолуу Ошубуздун ооматы арта берсин!”, - деди Т.Сарыбашов.

Андан соң, Ош шаарынын мэриясы тарабынан жаңы жылдык “Балаты” майрамына карата шаар тургундары жана мекеме-ишканалар арасында жарыяланган кароо-сынактардын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер тапшырылды.

Иш-чара белгилүү эстрада ырчылары жана фольклордук топтор тарабынан концерттик программа менен коштолуп, майрамдык фейрверктер атылды.

Борбордук аянттагы иш-чарага 15 миңге жакын адам күбө болду. Жаңы жыл майрамы жаштар үчүн майрамдык дискотека менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий