• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто Жаңы жылдык майрамга 20 миңден ашуун адам күбө болду

Аймак 0

Бишкек, 01.01.18. /Кабар/. Кечээ, 31-декабрда Ош шаарында жаңы жыл майрамы борбордук аянтта балдар үчүн атайын оюн-зоок концерттик программа менен ачылып, белгилүү эстрада жылдыздары, куудулдардын катышуусунда чоң программадагы концерт менен уланды. Шаардагы окуу жайлардын жетекчилери, студенттер көркөм чыгармалык өнөрлөрүн көрсөтүшүп, ар бир окуу жайлардын Жаңы жылдык-Аяз ата , аяз кыз, жомок каармандарынын костюмдар парады, концерттик программасы жана КВН оюну тартууланды,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Биринчи вице-мэр Замирбек Аскаров шаар тургундарын жана меймандарын тургундарын жаңы жыл майрамдары шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин атынан куттуктап, сөз сүйлөдү.

“Саналуу мүнөттөрдөн кийин дүйнө эли, анын ичинде кут даарыган Ордолуу Ош шаарынын эли жаңы-2018-жылдын босогосун аттайт. Бүткүл Кыргызстандыктар сыяктуу куттуу шаарыбыдын карапайым, эмгекчил, мээнеткеч, намыскөй эли сапары карып бара жаткан эски жылды узатып, жаңы жылдык ачык маанай, жарык жүз, жакшы ниеттери жана аруу тилектери менен тосуп жатышат.

Ошондон улам адегенде Сиздерди, урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын меймандары, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жана Ош шаарынын мэриясынын атынан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм!

Узап бара жаткан жылыбыз айта койгонго оңой болгону менен ары татаал, ары жооптуу, ары жемиштүү жылдардан болду, десек болот. 2017-жыл ынтымактын, ырашкерчиликтин, улуттар аралык ынтымактын жылы болгондугун биздин эң башкы жетишкендигибиз катары өзгөчө канаттануу менен белгилеп кетким келет.

Жыйынтыгында бул жылда Ош шаары өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрүлүп, баардык социалдык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча республикада алдыңкыкөрсөткүчтөргө жетише алгандыгы бизди кубандырат.

Жаңы жылда Кыргызстандыктардын түндүгү түрүлүп, керегеси керилип, уугу узарып, коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин. Ар бир үйдө ырыскынын нуру чачырап, жарык маанай уяласын.Жергебизге тынчтык, элибизге ынтымак-ырашкердик түбөлүккө орносун. Жапыңыздарга чың ден-соолук, бакубат турмуш каалайм. Жаңы жылыбыз – ынтымактын, биримдиктин, бейпилдиктин жылы болсун”,-деди А.Кадырбаев.

Майрамдык салтанаттын алкагында фейрверк, жаңы жылдык салюттар атылып, шаар жаштары жана меймандары үчүн атайын заманбап ырлардын жаңыруусунда дискотека менен уланган.

Борбордук аянттагы Жаңы жылдык майрамга 20 миңден ашуун шаар тургундары жана меймандары күбө болушту.

Пикир

Оставить комментарий