• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто жаңы жылга карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Аймак 0

Ош, 23.12.19 /Кабар/. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов бүгүн вице-мэрлер, укук-коргоо органдарынын жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын жетекчилери менен жыйын өткөрүп, жаңы жылга карата коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырган.

Жыйындын жүрүшүндө калаа башчысы тиешелүү ведомстволордун аталган күндөрү социалдык объектилерде жана эл көп чогулган жерлерде коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маалыматын укту.

Ош шаары боюнча ӨКМдин башкармалыгы эртеңки күндөн тарта өрткө каршы окууларды өткөрүп, борбордук базарда жана кичирайондордун базарларында өрттүн алдын алуу чараларын күчөтүп, пиротехникалык жасалгаларды сатууну көзөмөлгө алат.

Таалайбек Сарыбашов баардык органдардын жана кызматтардын жетекчилерине шаарда өрт, техникалык коопсуздук жана ошондой эле билим берүү мекемелеринде тартипти сактоону камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берген. Ошондой эле мэр экологиялык коопсуздук маселелерине да өзгөчө көңүл бурган.

Пикир

Оставить комментарий