• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто жаандан улам таза суу үзгүлтүккө учурады — суу жеткирүү боюнча арыздар кабыл алынууда

Аймак 0

Бишкек, 16.03.22. /Кабар/. Ош шаарында нөшөрлөп жааган жаандан улам шаардын бир катар кичи райондорунда суу үзгүлтүккө учураган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Ош шаарында кичи райондорго суу жеткирүү боюнча арыздар кабыл алынууда.

"Урматтуу Ош шаарынын тургундары! Суу үзгүлтүккө учурагандыктан "Ошсууканал" муниципалдык ишканасы суу жеткирүү үчүн арыздарды кабыл алууда. Арыздар 105, 8-11-15, 8-11-51, (0553)200-105, (0556) 153-526 номерлери аркылуу кабыл алынат", - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриянын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, учурда 10 суу ташыгыч унаа менен ичүүчү суу жеткирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий