• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ошто жакында ири курулуш долбоорлору аяктайт

Аймак 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Ош шаарында жакында шаардыктарга ири курулуш долбоорлору тапшырылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Бул туурасында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев спорт шаарчасындагы объектилердин курулуш иштеринин жүрүшүнөн кабар алып жатып билдирди. Бүгүн, 4-июлда калаа башчысы бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги Сай-Бою көчөсүндө курлуп жаткан курулуштарды текшерип чыкты.

Шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Сай-Бою көчөсүнүн айланасында төрт ири долбоор ишке ашып жаткандыгын айтып, келечекте шаардыктардын спорт менен машыгуусуна чоң аянт түзүлүп жаткандыгын билдирди.

“Футбол академиясы, бокс жана оор атлетика мектеп-интернаты, вело жол жана Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирүүчү көпүрөнүн курулушу болуп, жалпысынан төрт чоң долбоор ишке ашып жатат. Учурда баардык курулуштардын иши кызуу жүрүп, шаардыктарга аз күндө баарын тапшыруу алдында турабыз”,- деди А.Кадырбаев.

Ошондой эле, Р.Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан көпүрөнүн алдына мэр А.Кадырбаев шаардыктардын машыгып эс алуусун ыңгайлаштыруу максатында тренажердук аянт курууну тийиштүү жетекчилерге тапшырды. Мындан тышкары, вело жолду куруп жаткан компанияга жолдун сапатына көңүл буруп, аз күндүн ичинде бүтүрүүнү, жашылдандыруу ишканасына көрктөндүрүү иштерин ылдамдатуу боюнча тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, Сай-Бою жана Тилеке Баатыр көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн узундугу 45 метр,унаа жүрүүчү бөлүк 7 метр, ал эми туурасы 15 метр. Ал эми, футбол академиясы 80 балага, бокс жана оор атлетика мектеп-интернаты 50 балага ылайыкташтырылган.

Ошондой эле, Сай-Бою көчөсү аркылуу Б.Нурматов көчөсүнөн А.Навои паркынын тушундагы Ы.Монуев көчөсүнө чейин 2,5 км вело жол жана Сай-Бою көчөсүнөн спорт комитетинин алды менен Ленин көчөсүнө чыгуучу 350 метр жолдун курулушу аяктоонун астында турат.

Айта кетсек, жакынкы аралыкта Ак-Буура дарыясынын ортосуна көргөзмө аянтчасынын (подиум) курулушу башталат.

Пикир

Оставить комментарий