• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто жалган маалыматтарды таратуу жана азык-түлүктүн баасын жогорулатуу фактысы аныкталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Ошто коронавируска байланыштуу жалган маалыматтарды таратуу жана азык-түлүктүн баасын эч себепсиз жогорулатуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Өзгөн райондук ооруканасынын биринин М.Н., аттуу медайымы WhatsApp тиркемеси аркылуу кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекетинен өткөн 1980-жылкы А.К., аттуу жаран коронавирус менен ооруп жаткандыгын айтып, жалган маалымат тараткан.

Ошондой эле Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган С.Ш., аттуу жашоочусу 400 кап унду жана майды сатып алып, өз дүкөнүндө жогорулатылган баада саткан. Ошол эле райондун 1966-жылы туулган С.Б., аттуу жашоочусу биринчи сорттогу унду 1650 сомдон сатканы аныкталган. Ал болжол менен 100 кап унду сатканы маалым болгон.

Аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 216-беренеси (Монополисттик аракеттер жана атаандаштыкты чектөө) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлө башталган.

Ички иштер министрлиги короновирус жөнүндө жалган маалыматтарды таратуудан карманууга жана ызы-чуудан алыс болууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий