• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто жалгыз бой энелерге үй берилип, саан уйлар таратылды

Коом 0

Бишкек, 12.05.18. /Кабар/. Ош облусунун Ноокат районунда жалгыз бой 5 энеге үй салынып берилди,-деп билдирет “Ас-Салам” коомдук кайрымдуулук фондунун басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, андан сырткары аларга бирден саан уйлар таратылган.

“Ошондой эле жардамга муктаж болгондорго Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында да үйлөр курулду”,-деп айтылат маалыматта.

Билдирүүгө ылайык, үйлөрдү курууда көмөк көрсөткөн кайрымдуулук фондун жетекчиси Нурмухамед Миңбаевге жергиликтүү тургундар ыраазычылык билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий