• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто жана Таласта перинаталдык борбор куруу пландалууда

Ден соолук 0

Бишкек, 25.07.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ошто жана Таласта перинаталдык борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин убактылуу милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, Германия өнүктүрүү банкынын жардамы менен гранттык түрдө каражат бөлүнгөн.

“Ошто 13 млн евро жана Таласта 6 млн еврого перинаталдык борбор куруу жана жабдуу пландаштырылууда. Курулуштун долбоордук дизайны жана техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу башталды. Ал үчүн эл аралык долбоорлоо компаниясы ишке тартылды”, - деди ал.

Касымбеков кошумчалагандай, Бишкек шаардык кургак учукка каршы оорукананын курулушу аяктап, жабдууларды жана эмеректерди сатып алуу боюнча тендердик процедуралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий