• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ошто жапайы өскөн 7,5 тонна кара куурай жок кылынды

Аймак 0

Ош, 16.07.20. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында жапайы өскөн 7,5 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Ош ИИБ кызматкерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана баңгизатка каршы күрөш кызматынын кызматкерлери жапайы өскөн кара куурайларды жок кылуу боюнча иш-аракеттерди көрүшкөн.

«8-12-июль күндөрү өткөн «Кара куурай» операциясынын алкагында жапайы өскөн 7,5 тонна кара куурай өрттөлүп жок кылынды», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий