• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто Жарандык коргонуу штабы шаардагы абал боюнча жыйын өткөрдү

Аймак 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 12-майда Ош шаарынын Жарандык коргонуу штабынын жыйыны болуп өттү. Жыйынга жарандык коргонуу штабынын башчысы, биринчи вице-мэр Саибжан Турдуев жана штабдын мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Негизинен карантиндик режимде иш алып баруу, санитардык посттордун ишин күчөтүү, дезинфекция жана уруксат берилген тармактардагы санитардык абалды көзөмөлдөө боюнча талкууланып, тапшырмалар берилди.

Санитардык талаптарды көзөмөлдөө максатында Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жана тийиштүү кызматтардын өкүлдөрүнүн курамында шаар боюнча 7 жумушчу топ түзүлгөн.

Жумушчу топтор тарабынан шаардын аймагындагы иштеп жаткан мекеме-ишканаларда жана обьекттерде санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин сакталуусу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, текшерүү жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, буга чейин шаардын аймагына орнотулган 8 санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин ишин улантып,көзөмөл күчөтүлгөн. Ошону менен бирге шаардын ичинде да милиция автоунааларды текшерүү иштерин жүргүзүп турат.

Пикир

Оставить комментарий