• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ошто жарандын 16 миң сомун опузалоого шектелип бир нече жолу соттолгон жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.01.23. /Кабар/. Ош облусунда жарандын 16 миң сомун опузалоого шектелип бир нече жолу соттолгон жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 18-апрелде М.Т. аттуу жаран Ош облустук милициясына арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 23:00дөр чамасында Ш. аттуу жаран достору менен келип, жабырлануучуну өзүнүн унаасына отургузуп, коркутуу жолу менен 16 миң сом акчасын опузалап алып койгондугун билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (“Опузалап талап кылуу”) негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүнү жана анын кылмыштуу шериктерин тергөөгө камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилген.

Ош шаарынын Кара-Суу районунун тургуну 32 жаштагы А.у.Ш. 21-январда опузалап акча талап кылуу фактысына шектелип кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү буга чейин бир нече жолу соттолгону аныкталды.

Бүгүнкү күндө шектүү эки айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий