• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ошто жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга курулуш материалдары жеткирилүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.09.17. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Ошто жаратылыш кырсыгынан жабыркагандарга курулуш материалдары жеткирилүүдө. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунда жер көчкүдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга Кызыл-Октябрь айыл аймагынын Ынтымак (Жаман-Адыр) участкасына турак жай куруу үчүн жер тилкелери бөлүнүп берилген.

“Жарандарга жеңилдик кылуу максатында 2017-жылдын 16-сентябрында Араван цемент заводунан КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү түштүк борборунун 1 оор жүк ташуучу унаасына 30 тонна цемент жүктөлүп, жеткирилип берилди. 2017-жылдын 22-июнунан 18-сентябрына чейин жалпы 1202 тонна цемент жеткирилди.
Чоң-Алай районунда жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган жарандарга жеңилдик кылуу максатында 2017-жылдын 16-майынан 23-августуна чейин жалпы 4081 тонна цемент жеткирилген.

Андан сырткары 18-сентябрда Ош шаарындагы кыш заводунан 35 000 даана кыш жүктөлүп, Чоң-Алай районуна жеткирилди.

Жалпы 2017-жылдын 8-августунан 18-сентябрына чейин 236 500 даана кирпич жеткирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий